Кыргызстандын калкынын болуп өткөн референдумга жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата мамилеси

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 
         
  “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук уюму 2016-жылдын 20-декабрынан 24-декабрына чейин жалпы улуттук телефон аркылуу социологиялык сурамжылоо жүргүздү.  
  Бул сурамжылоонун максаты – республиканын калкынын болуп өткөн референдумга жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорго карата мамилесин аныктоо болду.
  Сурамжылоо телефон аркылуу сурамжылоонун адистештирилген компьютердик системасы CATI (ComputerAssistedTelephoneInterviewing) жардамы аркылуу жүрүгүзлдү. Мындай ыкма социалдык жактан маанилүү маселелер боюнча маалыматтарды топтоону тез жана  сапаттуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Телефон аркылуу сурамжылоонун маанилүү артыкчылыгы маалыматты тез арада алууга жана ошондой эле аны тез иштеп чыгууга боло тургандыгында. Ошондой эле артыкчылыктардын бири ишенимдүүлүк болуп саналат, анткени уюмдун операторлордун бөлмөсүнө түздөн-түз катышуу аркылуу сурамжылоо жүргүзүү аркылуу көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү бар. Андан тышкары интервьюерлер кайсы гана болбосун жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүнү угуп жана интервьюерлердин  ишин көзөмөлдөй ала турган супервайзердин байкоосу алдында болушат. 
  Сурамжылоо үчүн  уюлдук телефон номерлери атайы иштелип чыккан компьютердик программа менен капысынан генерацияланып калган. Андан тышкары стационардык телефондорго чалуу үчүн ар бир област боюнча стационардык телефондордун номерлеринин маалыматтар базасы колдонулду.
  Изилденип жаткан жыйындылар Кыргызстандын  18 жаштан жогорку курактагы, өлкөнүн 9 аймагында: Бишкек ш., Ош ш., Чүй областы, Ысык-Көл областы, Талас областы, Нарын областы, Жалал-Абад областы, Ош жана Баткен областтарында туруктуу жашап жаткан шаардын жана айылдын калкы болду.
Толук маалыматты бул жерден билсенер болот.