Өспүрүм курактагы никелердин алдын ала боюнча аймактардагы маалыматтык- агартуу иштеринин жыйынтыгы

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 
  КБ «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» тарабынан Кыргыз Республикасындагы Германия элчилигинин каржылык колдоосунун негизинде «Өспүрүм курактагы никелер – жашы жете элек бала кезиндеги никеге туруу» долбоору демилгеленди.  Долбоордун максаты – жашы жете элек өспүрүм курагында никеге туруу көрүнүштөрүн азайтууда жергиликтүү бийлик органдарына таасир этүү, жашы жете элек өспүрүм кыздарды эрте никеге туруудан коргоонун укуктук жана коомдук механизмдерин калыптандырууга арналды.
 

  Долбоор беш пилоттук облустарда ишке ашырылды: Жалал-Абад облусунун Сузак району, Ош облусунун Ноокат району, Баткен облусунун Исфана шаары, Чүй облусунун Кемин району, Талас облусунун Талас шаары. Коалиция мына ушул пилоттук облустарда орто мектептердин  окуучуларынын үй-бүлө жана нике маселелери боюнча укуктук маалыматтуулугун жогорулатуу боюнча маалымат-түшүндүрүү иштерин жүргүздү.