Пресс-релиз, 1-сентябрь, 2015-жыл, Бишкек.

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

  2015-жылдын 1-сентябрынан баштап, республиканын бардык аймактарында Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы тарабынан прокуратура жана ички иштер органдарынын өкүлдөрүнөн турган тренерлер тобу менен биргеликте шайлоолорго байланыштуу талаш-тартыштарды жана шайлоолордогу коопсуздук менен камсыз кылуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча прокуратура жана ички иштер органдарынын 1000ден ашык кызматкерлери үчүн 26 окутуу тренингдери өткөрүлөт.

  Шайлоо процессиндеги биргелешкен бул ишмердүүлүк жөнүндө макулдашуу Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын ортосунда БУУөПтүн шайлоолорго колдоо көрсөтүү долбоорунун каржылык колдоосунун негизинде жетишилди. Долбоор 2014-жылы Кыргызстандын Өкмөтүнүн  КРда таза жана демократиялуу шайлоолорду өткөрүүгө багытталган техникалык жардамдарды көрсөтүү максатындагы суроо-талабынын негизинде иштелип чыкты.

   Уюштуруучулар тарабынан Кыргызстандын ар кыл калктуу пунктарында, анын ичинде алыскы аймактарында 26 тренинг өткөрүү пландаштырылган .Шайлоо процессине катышуу жөнүндө толук кандуу жана обьективдүү маалымат алуу үчүн  макулдашуунун тарапташтары тарабынан тренерлер тобу түзүлдү, ага прокуратуранын жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү киришти. Окутуунун материалдары  Шайлоолорду өткөрүү жана референдум боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жана Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү Программасы (БУУөП) менен биргеликте иштелип чыкты.

  Эске салсак, 2015-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы созывына депутаттарды шайлоону 2015-жылдын 4-октябрында өткөрүү жөнүндө Буйрукка кол койгон. Буйрукта ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана шайлоо мыйзамына ылайык, эркин, чынчыл жана таза шайлоону өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырмасы берилген.