Пресс-релиз, 25 август, 2015-жыл, Бишкек
Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы парламенттик шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү үчүн бир катар тренингдерди өткөрүп 60 узак мөөнөттөгү жана 1400 кыска мөөнөттөгү байкоочуларды даярдап жатат. Добуш берүү күнү жана анын соңунда кыска мөөнөттөгү байкоочулар менен катар атайын окутулган 60 координатор «мобилдик топтордун» курамында тигил же бул мыйзам бузуу боюнча далилдерди чогултуу боюнча УШКларда иштешет жана территориялык шайлоо комиссияларынын ишине байкоо жүргүзөт. Ошондой эле добуш берүү күнү колл-борбор иштейт, анда 30 оператор кыска мөөнөттөгү байкоочулардан отчетторду кабыл алып турат.
Коалиция байкоо жүргүзүүнүн эң алдыңкы ыкмасы –статистикага негиздеп байкоо жүргүзүү ыкмасын колдонот. Добуш берүү күнү Коалиция компьютер аркылуу капыстан тандалып алынган 500 участокко байкоочуларды жөнөтөт. Добуш берүү күнү Коалиция бул участоктордон оперативдүү маалымат чогултуп турат. Аталган ыкма ар бир региондун тилкесинде, жалпы республика боюнча толук маалымат алууга мүмкүндүк берет. Коалиция бул ыкманы 2010-жылы парламенттик шайлоодо, 2011-жылы президенттик шайлоодо, 2012-жылы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо ийгиликтүү колдонгон.