Коалиция 2015-жылдын 4-октябрындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо ат салышуучу саясий партияларды сурамжылоо менен алардын позицияларын изилдөөнүн жаңы интерактивдүү ыкмасын сиздердин назарыңыздарга сунуштайт

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

  «Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы» Коомдук уюму  Кыргызстандын шайлоочуларына эң актуалдуу болгон суроолор боюнча сурамжылоонун жыйынтыгын сунуштайт. 2015-жылдын август айында жүргүзүлгөн сурамжылоого шайлоого аттанып жаткан 14 партиянын 8и  жообун узатты.  Онлайн сурамжылоонун максаты шайлоочуга шайлоого катышып жаткан партиялардын тигил же бул актуалдуу маселелер боюнча позициясын аныктоого, өзүнүн көз карашы менен саясий партиянын позициясын салыштырууга жардам берүү.   

   Онлайн сурамжылоо бардык 14 саясий партияга жөнөтүлгөн, жоопту 8  саясий партия берди,  анын ичинде  «Ата-Мекен», «Өнүгүү-Прогресс», «Бүтүн-Эмгек Кыргызстан », «Мекен Ынтымагы»,  «Кыргызстан», «Ар-Намыс», «КСДП», «Бир Бол» бар.   Сурамжылоо  өлкөбүздө актуалдуу болгон 35  саясий, экономикалык,  социалдык маселелерден турган, жоопту  «ооба»  же «жок» деп гана берүү каралган.   Сурамжылоо эки тараптуу, адегенде шайлоочулар суроолорго онлайн  тартипте жооп берет, андан кийин өз позициялары менен саясий партияныкын салыштыра алат.   

Мындай сурамжылоолор дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Канадада,   Евросоюздун көпчүлүк мамлекеттеринде, АКШ, Эстонияда жана башка бир катар мамлекеттерде ийгиликтүү колдонулуп келет. Мындай сурамжылоолорду колдонуу көпчүлүк шайлоочуларга, өзгөчө жаштарга шайлоого аң-сезимдүү катышууга өбөлгө түзөт жана саясий партияларды  активдүүрөөк болууга шыктандырат.  

  Сурамжылоого катышуу үчүн же саясий партиялардын жооптору менен таанышуу үчүн төмөнкү дарек боюнча сайтка кирсеңиз  (http://www.coalition.kg/)  же сурамжылоого түз кошуу кызматынан (http://forum.coalition.kg/) пайдалансаңыз болот.

  Бул сурамжылоо саясий партияларды жарнамалоо эмес, кандайдыр бир үгүт эмес, болгону интерактивдүү форматта алардын позициялары туурасында шайлоочуну маалымдар кылуу  аракети.  

  «Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы» көз карандысыз, саясий эмес жана бейтарап жана Кыргыз Республикасында демократияны жана жарандык коомду өнүктүрүү менен алектенген уюм.  Коалиция 1999 –жылдан тартып шайлоолорго көз карандысыз байкоо жүргүзүп келет.