Жогорку Кенешке депутаттарды шайлоого узак мөөнөттөгү байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча 1-сентябрдан тартып 15- сентябрга чейинки мөөнөт ичиндеги Коалициянын экинчи алдын ала отчету

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

  «Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы» (Коалиция)  2015-жылдын 4-октябрына белгиленген  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине депутаттарды шайлоого узак мөөнөттөгү байкоо жүргүзүүнүн  жыйынтыгы боюнча  1-сентябрдан тартып 15- сентябрга чейинки мөөнөт ичиндеги  экинчи алдын ала отчетун чыгарды.   

  Узак мөөнөттөгү байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча  мерчемделген  отчеттун   бул экинчиси. Отчет  бир нече  бөлүктөн  турат: байкоо жүргүзгөн мөөнөт  ичинде өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал;  шайлоо мыйзамдарынын жаңы өзгөрүштөрү;  шайлоо комиссияларынын жана Мамлекеттик катоо кызматынын ишмердүүлүгү; биометрикалык көрсөткүчтөрдүн негизинде шайлоочулардын тизмесин даярдоо процесси;  жергиликтүү органдардын жана башка шайлоочуларды маалымдар кылуу боюнча структуралардын ишмердүүлүгү,  үгүт иштери, шайлоочулардын тизмесин тактоо.  Кийинки отчет   29-сентярда жарыяланат.

  Бул  отчет  бардык райондордогу жана шаарлардагы  жана БШКдагы  60 узак мөөнөттөгү байкоочунун, аналитиктердин жана Коалициянын кызматкерлеринин жардамы менен даярдалды.   Отчет үчүн маалыматтар түздөн-түз байкоо жүргүзүү, жер-жерлердеги интервьюлар,  шайлоого даярдык жана аны уюштуруу процессине байланыштуу маалыматтарды топтоо жана анализдөө ыкмасы менен топтолду.      

  Бул  отчетту  толук бойдон  кыргыз,  орус  жана  англис  тилдеринде карап алсаңыздар болот.

  Байкоо жүргүзүү иштерин аткарууда узак мөөнөттөгү байкоочулар бейтараптуулук, көз карандысыздык жана нейтралдуулук принциптерин карманышты. 

  Толугураак маалымат алуу үчүн Сиз   Коалициянын президенти  Динара Ошурахунова,  шайлоо боюнча  координатор  Медер  Талканчиев,  юристтер Тимур  Арыков  жана  Азамат  Адилов  менен   тел.:+996 900324 байланышсаңыз болот .