Пресс-релиз – тактоо

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

«Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы» маалымдайт, «24.kg» маалымат агенттигинде  «Баткенде шайлоочулардын 76%  өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен таппай коюшту»,  деген материал чыккандан кийин Коалицияга БШКдан түшүндүрмө келди. Анда айтылгандай, Баткен шаарында атайын тестирлөө болгон. Биометрикалык маалыматын бербегендер добуш бере алабы же башка шайлоо участогунда тизмеге киргендер башка жактан кайталап добуш бере алабы (демек, “карусель” жасоо мүмкүнбү) деген суроолорду аныктоо боюнча, биометрикалык маалыматтарды тапшыргандар да, тапшырбагандар да 12-сентябрда атайын УШКга жиберилген. Өз учурунда тактоо бергендиги үчүн Коалиция  Өкмөткө жана БШКга ыраазычылык билдирет. 

Эске салсак, 21 - сентябрда саат 11 де  Акипресс  маалыматтык агенттигинде Коалиция шайлоо алдындагы 2015-жылдын 1-сентябрынан 15-сентябрына чейинки кырдаалга узак мөөнөттөгү байкоо жүргүзүүнүн алдын-ала экинчи отчетун берген.   Мында Баткен шаарында тестирлөөгө катышкан шайлоочулардын 76%  УШКда өзүн шайлоочулардын тизмесинен таппай койгондугу туурасында сөз болгон. Отчеттун толук текстин жана пресс-конференциянын толук видеозаписин Коалициянын сайтынан тапсаңыздар болот.

 Кошумча маалымат алуу үчүн Сиз шайлоо боюнча координатор Медер Талканчиев, юристтер Тимур Арыков,  Азамат Адилов менен  тел.:+996 900324  боюнча байланышсаңыз болот.