60 кѳз карандысыз узак мѳѳнѳттѳгү байкоочулар Кыргызстандын бардык аймактарында абалды көзөмөлдөп турушат.

ЖаңылыктарComments Off on 60 кѳз карандысыз узак мѳѳнѳттѳгү байкоочулар Кыргызстандын бардык аймактарында абалды көзөмөлдөп турушат.

Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоодо жүргүзгѳн байкоосу жѳнүндѳ кийинки алдын ала отчеттун жыйынтыктарын тартуулайт.

ПРЕСС-РЕЛИЗ

 Бишкек ш. 2017 жыл, 9 – октябрь

 ЖМКларга таркатууга арналат

 Снимок

Тема: «Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы»

60 кѳз карандысыз узак мѳѳнѳттѳгү байкоочулар Кыргызстандын бардык аймактарында абалды көзөмөлдөп турушат.

Сунушталган алдын-ала отчет 2017 жылдын 25-сентябрынан тартып 1-октябрга чейинки мезгилды камтыйт. Байкоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө Коалиция узак мөөнөттөгү байкоонун жыйынтыгы боюнча жалпысынан беш алдын-ала отчетту даярдайт.  Коалициянын байкоочулары өз ишинде кийлигишпөөчүлүк, көз карандысыздык, нейтралдуулук принциптерин жетекчиликке алышат:

Негизги тыянактар

 

Шайлоого жакындаган сайын мыйзамсыз үгүт методдорун колдонуу боюнча билдирүүлѳр кѳбѳйүп жатат, алар административдик ресурстар, добуш сатып алуулар, «кара пиар» колдонуу, шайлоочуларга карата коркутуп-үркүтүүлѳр жана үгүт материалдарын бузуу.

Үгүт учурундагы ар түрдүү бузуулар жөнүндө кеңири жайылган маалымдоолордун жана ушак-айыңдардын шартында, ошондой эле этникалык азчылыктарга кысым көрсөтүү  жана шайлоо күнү боло турган бузуулар жѳнүндѳ  талаш-тартыштарды кароо процесси, ал эми мамлекеттик органдары канчалык өз убактысында ушундай маалымдоолорго кѳңүлүн буруп жана коомчулукту кандай чаралар каралганы боюнча кабарлоосу ѳзгѳчѳ маанилүү болуп жатат.

Кээде, президенттикке талапкерлерге карата арыздануу жана айтуу түрүндө азыркы президенттин шайлоо өнөктүгүнө түздөн-түз катышуусу да административдик ресурс катары кабыл алынат.

Тигил же бул талапкердин үгүт иштерине кызматкерлерди тартуу, мисалы мугалимдерди, дагы эле кѳйгѳй бойдон калууда. Бул категориядагы жарандар республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат, ал эми аларды талапкерлердин иштерине кабыл алуу, административдик ресурстарын пайдалануу катары кароого болот.

Отчеттук мезгил ичинде АШК курамында мүчѳлѳрдүн кетүүсү же алмашуусу бир аз кыскарса да, аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы ЖӨБ жана саясий партиялардын катышуусунун пропорцияларына карата дал келүү толук маселеси дагы эле чечилбеди, ал дагы бул маселени чечүү үчүн олуттуу кароону жана чечкиндүү иш-аракетти талап кылат.

Көпчүлүк шайлоочулар ѳздѳрүнүн маалыматын шайлоочулардын тизмесинен текшере элек, бул шайлоочулардын тизмелерине терс таасир тийгизиши ыктымал. Ошондой эле жарандардын кыйла саны №2 формасы боюнча добуш берери кыйла суроолорду пайда кылат. МККнын айтымында, шайлоо дареги боюнча №2 формасын 316 064 адамдар толтурду, бул бардык шайлоочулардын 10% дан көбүрөөк болуп эсептелинет.

Он сегиз жылдан бери шайлоолорго байкоо жүргүзүү тажрыйбасында Коалиция биринчи жолу байкоочуларды аккредитациядан ѳткѳрүү процесинде кыйынчылыктарга туш келди, бул кырдаал аккредитацияда жаңы эрежелерин киргизүү жана жаңы эрежелердин бирдиктүү колдонуусунун жоктугуна байланышкан.

Добуш күнүнѳ чейин бир аптанын ичинде тиешелүү мамлекеттик органдар ар түрдүү байланыш каналдары аркылуу калк үчүн шайлоо алдындагы тууралуу маалымат өнөктүгүн күчөтүүсү керек, жана өкмөт шайлоочуларга жашыруун добуш берүү процесси сакталганына ишенимдүү болуш  үчүн бардык чараларды көрүп жатарын кѳрсѳтүүсү зарыл.

Алдын-ала тыянактары жана сунуштары менен жана толук отчетту «Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясынын » www.coalition.kg  сайтынан окууга жеткиликтүү.

______________________________________________________________________

 

 

 

 

 

Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясынын максаты – шайлоо алдындагы процесске, добуш берген күнгө жана жыйынтык чыгарууга сапаттуу, объективдүү жана көз карандысыз мониторинг уюштуруу аркылуу шайлоолорду өткөрүүнүн айкындуулук жана ак ниеттүүлүк процессине көмөктөшүү.

 

Максат шайлоо алдындагы процесске, добуш берүүчү күнгө жана шайлоодон кийинки процессине байкоо жүргүзүү, шайлоочуга анын укуктары жана милдеттери туралуу маалымат берүү, шайлоо процессинин бардык катышуучуларына сурамжылоо жүргүзүү жана алар менен өз ара аракеттенишүү аркылуу ишке ашырылат.

Бардык суроолор боюнча долбоордун координатору Джамиля Джаркынбаевага + 996 555 913 503 телефону аркылуу кайрылууга жана төмөндөгү дарек боюнча почтага билдирүү жөнөтүүгө болот: j.jarkynbaeva@coalition.kg , office@coalition.kg,  «Коалициянын» расмий телефонуна + 996 554 900 325 номери боюнча чалыңыздар.

«Демократия жана жарандык коом үчүн Коалиция» – көз карандысыз, бейтараптуу, коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюм.

Коалициянын мисссиясы —Кыргыз Республикасында жарандык коом куруу, мыйзамдын үстөмдүгүн чыңдоо жана адам укуктарын коргоо.

© Coalition.kg 2019