Биз Кыргыз Республикасынын Президенттик шайлоо боюнча добуш берүү ачык жана көчмө добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзөбүз

ЖаңылыктарComments Off on Биз Кыргыз Республикасынын Президенттик шайлоо боюнча добуш берүү ачык жана көчмө добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзөбүз

Ишемби күнү эртен менен “Коалициянын” байкоочулары көчмө добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзө башташты.

ПРЕСС-РЕЛИЗ

 Бишкек ш. 2017 жыл 14 – октябрь

 ЖМКларга таркатууга арналат

 

Тема: “Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы” Кыргыз Республикасынын Президенттик шайлоо боюнча добуш берүү ачык жана көчмө добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзөт.

Коалициядан 1000 байкоочулар өлкө боунча бардык добуш берүү жараянына мониторинг жургузуп жатышат. Көчмө добуш берүү куну, байкоочулар бөлмөдөн тышкары добуш берүү учурунда, добуш жазылган бузуулар жөнүндө “Коалициянын” чакырыгы борборунда SMS билдирүүлөр түрүндө отчетторду жиберишет.

 

БШКнын маалыматы боюнча, көчмө добуш берүүдө 22 281 шайлоочу катышат. Добуш буруучуу жайдан тышкары добуш берүү укугу бар шайлоочулар булар:

  • ден соолугунун абалы жаман же майып болгон шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө шайлоо участкасына келбегенге укуктуу;
  • добуш берүү күнү ооруканаларда, айыпталуучулар жана кылмышка шектүү деп кармалган жерлерде жайгашкандар;
  • убактылуу айдоо жерлерде, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда жайгашкан жерлерде жашагандар;
  • алыскы аймактарда, алыскы калктуу жерлерден жайгашкан аскер бөлүктөрүндө, добуш берүү күнү кызмат өтөп жатышкан аскер кызматкерлерине, ошондой эле добуш берүү жайдан тышкары добуш берүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча өзгөчө учурларда гана жол берилет.

 

Мыйзам боюнча, добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганда, добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, ошондой эле бир шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде добуш берүүгө мүмкүнчүлүк камсыздалат

Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясынын максаты – шайлоо алдындагы процесске, добуш берген күнгө жана жыйынтык чыгарууга сапаттуу, объективдүү жана көз карандысыз мониторинг уюштуруу аркылуу шайлоолорду өткөрүүнүн айкындуулук жана ак ниеттүүлүк процессине көмөктөшүү.

 

Максат шайлоо алдындагы процесске, добуш берүүчү күнгө жана шайлоодон кийинки процессине байкоо жүргүзүү, шайлоочуга анын укуктары жана милдеттери туралуу маалымат берүү, шайлоо процессинин бардык катышуучуларына сурамжылоо жүргүзүү жана алар менен өз ара аракеттенишүү аркылуу ишке ашырылат.

 

«Демократия жана жарандык коом үчүн Коалиция» – көз карандысыз, бейтараптуу, коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюм.

Коалициянын мисссиясы —Кыргыз Республикасында жарандык коом куруу, мыйзамдын үстөмдүгүн чыңдоо жана адам укуктарын коргоо.

 

 

© Coalition.kg 2019