2017 ж. 15-октябрында шайлоо күнүнѳ, жана көчмө добуш берүү күнүнѳ мониторинг жүргүзүү боюнча биринчи алдын ала жыйынтыктары жѳнүндѳ кабарлайбыз

ЖаңылыктарComments Off on 2017 ж. 15-октябрында шайлоо күнүнѳ, жана көчмө добуш берүү күнүнѳ мониторинг жүргүзүү боюнча биринчи алдын ала жыйынтыктары жѳнүндѳ кабарлайбыз

ПРЕСС-РЕЛИЗ

 Бишкек ш. 2017 жыл 15 – октябрь

 ЖМКларга таркатууга арналат

 

Тема: «Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы» 2017 ж. 15-октябрында шайлоо күнүнѳ, жана көчмө добуш берүү күнүнѳ мониторинг жүргүзүү боюнча биринчи алдын ала жыйынтыктары жѳнүндѳ кабарлайт.

Көчмө добуш берүү күнү УШКлардын 72%да ѳттү. Жалпысынан, көчмө добуш берүү учурунда участокторду ачууда олуттуу бузуулар болгон эмес, жана биздин байкоочуларыбыз көчмө добуш берүүнүн бардык процесстерине байкоо жүрүгүзүгѳ мүмкүнчүлүктѳрү болгон.

Коалициянын байкоочулары бардык УШКларда процедураларга ылайык көчмө добуш берүү күнүндѳ добуш берүүгѳ бош кѳчмѳ үкүктѳрдүн кѳрсѳтүлгѳнүн жана мѳѳрлѳнгѳнүн, ошондой эле УШКлардын 100%да процедураларга ылайык кѳзѳмѳлдѳ барактарына кол коюлганын жана кѳчмѳ үкүктѳрүнѳ салынганын белгилешти.

Көчмө добуш берүү күндүн ичинде 12% УШКларда ѳткѳн имараттан тышкары добуш берүүсү шайлоочуларды идентификациялоочу жабдуулары бузуулу себептен шайлоочулар добуш бере албай калган айрым учурлар гана аныкталган.

«Жалпысынан, көчмө добуш берүү процессинде бардык участоктордо добуш берүүнүн жашыруундугу сакталган деп айтсак болот. Калган жол-жоболор, мисалга алсак шайлоочулардын тизмесине шайлоочуларды регистрациялоо, «имараттан тышкары добуш берди» дегенди белгилеп, добуш бергенден кийин үкүктѳрдү мөөрлѳѳ, имараттан тышкары добуш берүү боюнча актыларды түзүү дагы сакталган. Шайлоочу процесстин катышуучуларынын тарабынан көчмө добуш берүү учурунда даттануулар болгон эмес», – деп «Коалициянын» президенти Азамат Адилов белгиледи.

Шайлоо күнү 15 октябрда «Коалициянын» 1000 байкоочулары Кыргыз Республикасынын территориясында репрезентативдүү болуп эсептелинген кокустук үлгү ыкма менен тандалып алынган ѳлкѳнүн бардык 500 шайлоо бекеттеринде байкоо иштерин жүргүзүшөт. Күн ичинде ар бир байкоочу «Коалициянын» чалуу-борборуна добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу, участоктордун ачылышынан баштап добуштарды санап бүткѳнгѳ чейин шайлоо участокторунда аныкталган бузуулар боюнча отчетторду смс-маалымдоо түрүндѳ жиберип турушат.

Эртен мененки саат 8:00дѳ Кыргыз Республикасынын территориясында репрезентативдүү болуп эсептелинген кокустук үлгү ыкма менен тандалып алынган ѳлкѳнүн бардык 500 шайлоо бекеттеринен ачылуу жол-жоболору жѳнүндѳ маалымдоолор кабыл алынды. «Коалициянын» бардык байкоочулары шайлоо участоктордун ачылуу процессине байкоо жүрүгүзүүгѳ мүмкүнчүлүктѳрү болгон.

Жалпысынан шайлоо участоктордун ачылуусу мыйзамдын чегинде болду деп белгилесе болот. Кээ бир эле участоктордо ачылуу жол-жоболору сакталган эмес.

УШКрынан 77%да участкалык шайлоо комиссияларынын отурумдары ѳз убактысында башталган. Участкалардын 22%да отурум эртен менен саат 07:00 ге чейин, ал эми УШКнын 1% да, отурум саат 07:30дан кийин башталган.  Бул участкалык шайлоо комиссияларынын милдеттүү чогулушунун бардык аймактарында жүргүзүлгөн деп айтууга болот.  Бардык участоктордо добуш берүү үчүн бош үкүктѳр катышып жаткандардын бардыгына кѳрсѳтүлгѳн, бирок 1%дан кем эмес УШКларда үкүктѳр мѳѳрлѳнгѳн эмес, кѳзѳмѳлдѳ барагы салынган эмес, ошондой эле АЭУнын нѳлдүк чеги кѳрсѳтүлгѳн эмес. УШКнын 1%нын чегинде чүчү кулакты жана АШКдан УШКларга кабыл алынган шайлоо бюллетендерин милдеттүү кайра саноосу жүргүзүлгѳн эмес. Ошентсе да, «Коалициянын» байкоочулары добуш жыйынтыгына таасир эте турган олуттуу бузууларды табышкан жок.

Байкоочулардын маалыматынын негизинде, алар өлкө боюнча эртен мененки саат 7ден 10го чейин 14 бузууларды аныкташты, алардын ичинен: Бишкек шаарында 4, Ош облусунда 2, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 2, Талас облусунда 1, Чүй обласунда 3 жана  Ысык-Көл облусунда 1. Бул бузуулар шайлоо участоктордун ачылышы менен байланышкан, мисалы: АШКдан алынган шайлоо бюллетендеринин жалпы санын визуалдуу түрүндѳ кѳрүүгѳ берилген жок, шайлоо бюллетендерин кайра санап чыгуусу болгон эмес.

Добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү боюнча кыска мөөнөттөгү байкоочулардан маалыматтары Кыргызстандын бардык аймактарынан «Коалициянын» чалуу-борборуна келген тууралуу түз трансляциялоосун төмөнкү шилтеме аркылуу кѳрѳ аласыздар:

https://www.youtube.com/channel/UCLXRiM3q6tApvITfWc9Bd-A

 

Кыскача байкоо методологиясы тууралуу.

 

ДПЭ (Добуштарды Паралеллдүү Эсептөө) методологиясы –жарандык коомго Шайлоолор күнүндөгү процесстердин сапатын баалоого жана шайлоо комиссиясы тарабынан жарыяланган добуш берүүнүн расмий жыйынтыктарынын тактыгын аныктоого мүмкүнчүлүк бере турган маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултуунун натыйжалуураак ыкмасынан турат.

 

ДПЭнин негизи Кыргыз Республикасынын бардык аймагында репрезентативдүү болгон капыстан тандалган шайлоо участокторуна байкоо жүргүзүү болуп саналат.

Основой ППГ является наблюдение за избирательными участками, отобранными по методу случайной выборки, репрезентативной для всей территории Кыргызской Республики.

Добуштарды паралеллдүү эсептөө шайлоо күнүндөгү процесстерди системалуу жана калыс баалоого мүмкүндүк берет: шайлоо участкаларынынын ачылышы, добуш берүү, шайлоо участкаларынын жабылышы жана добуштарды калыс жана үзүгүлтүксүз түрдө эсептөө.

Ошону менен бирге шайлоо процесстерине байкоо жүргүзүүсүз шайлоочулардын келишине жана шайлоолордун жыйынтыктарына анализ жүргүзүү жана чогултуу, шайлоочулардын келиши жана шайлоолордун жыйынтыктары тууралуу так маалымат бербейт анткени алар туура эмес же адекваттуу чогултулбаган маалыматка таянышы мүмкүн.

 

Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясынын максаты шайлоо алдындагы процесске, добуш берген күнгө жана жыйынтык чыгарууга сапаттуу, объективдүү жана көз карандысыз мониторинг уюштуруу аркылуу шайлоолорду өткөрүүнүн айкындуулук жана ак ниеттүүлүк процессине көмөктөшүү.

 

Максат шайлоо алдындагы процесске, добуш берүүчү күнгө жана шайлоодон кийинки процессине байкоо жүргүзүү, шайлоочуга анын укуктары жана милдеттери туралуу маалымат берүү, шайлоо процессинин бардык катышуучуларына сурамжылоо жүргүзүү жана алар менен өз ара аракеттенишүү аркылуу ишке ашырылат.

«Демократия жана жарандык коом үчүн Коалиция» – көз карандысыз, бейтараптуу, коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюм.

Коалициянын мисссиясы —Кыргыз Республикасында жарандык коом куруу, мыйзамдын үстөмдүгүн чыңдоо жана адам укуктарын коргоо.

© Coalition.kg 2019