«Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы» Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоосуна добуш берүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча алдын ала алынган маалыматтар ттууралуу кабардайт.

ЖаңылыктарComments Off on «Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы» Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоосуна добуш берүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча алдын ала алынган маалыматтар ттууралуу кабардайт.

ПРЕСС-РЕЛИЗ

Бишкек ш. 2017 жыл 15 – октябрь

ЖМКларга таркатууга арналат

 Кокустук жана Кыргыз Республикасынын территориясына репрезентативдүү ыкма менен алынган 500 бекеттеринен келген маалыматтарынын негизинде Коалициянын чалуу-борборунун маалымдосу боюнча саат 14:00дѳ Кыргызстандын шайлоочулары президенттик шайлоодо добуш берүүгө катышышы 29, 6% түздү. Жаңылыштыктын чеги +/-0,7%. «Коалиция» жаңылыштыктарды эсептөө үчүн 95%дык ишеним интервалын колдонот, ал бүткүл дүйнө жүзү боюнча статистиктердин арасында стандарт катары кабыл алынган тактыктын жогорку деңгээли болуп саналат.

 

«Коалициянын» байкоочулары бардык участоктордо бейтараптуу байкоону жүргүзүштү. Добуш жыйынтыгына таасир эте турган олуттуу бузуулар 1%дан кем эмес участоктордо аныкталган. Мисалы, №1360 УШКда участоктун мүчѳсү добуш берүүгѳ келген шайлоочулардын эки эсе каттосун жүргүзгѳн.  Катто бир эки тизмеде ошол эле учурда жүзөгө ашырылган: биринчиси мыйзамдын талаптарына ылайык номер коюлган жана шнурдап бекитилген, ал эми экинчи тизмеси – өз ыктыяры менен түзүлгѳн. Бул тууралуу Коалициянын байкоочу акты түздү.

 

Ошондой эле Коалиция толтурулган №2 жана №3 формалары тууралуу маалымдоолорду алды, алар бир аз кечирээк талданат.

 

 

 

Шайлоо күнү 15 октябрда «Коалициянын» 1000 байкоочулары Кыргыз Республикасынын территориясында репрезентативдүү болуп эсептелинген кокустук үлгү ыкма менен тандалып алынган ѳлкѳнүн бардык 500 шайлоо бекеттеринде байкоо иштерин жүргүзүшөт. Күн ичинде ар бир байкоочу «Коалициянын» чалуу-борборуна добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу, участоктордун ачылышынан баштап добуштарды санап бүткѳнгѳ чейин шайлоо участокторунда аныкталган бузуулар боюнча отчетторду смс-маалымдоо түрүндѳ жиберип турушат.

 

Добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү боюнча кыска мөөнөттөгү байкоочулардан маалыматтары Кыргызстандын бардык аймактарынан «Коалициянын» чалуу-борборуна келген тууралуу түз трансляциялоосун төмөнкү шилтеме аркылуу кѳрѳ аласыздар:

https://www.youtube.com/channel/UCLXRiM3q6tApvITfWc9Bd-A

 

Кыскача байкоо методологиясы тууралуу.

 

ДПЭ (Добуштарды Паралеллдүү Эсептөө) методологиясы –жарандык коомго Шайлоолор күнүндөгү процесстердин сапатын баалоого жана шайлоо комиссиясы тарабынан жарыяланган добуш берүүнүн расмий жыйынтыктарынын тактыгын аныктоого мүмкүнчүлүк бере турган маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултуунун натыйжалуураак ыкмасынан турат.

 

ДПЭнин негизи Кыргыз Республикасынын бардык аймагында репрезентативдүү болгон капыстан тандалган шайлоо участокторуна байкоо жүргүзүү болуп саналат.

Основой ППГ является наблюдение за избирательными участками, отобранными по методу случайной выборки, репрезентативной для всей территории Кыргызской Республики.

 

Добуштарды паралеллдүү эсептөө шайлоо күнүндөгү процесстерди системалуу жана калыс баалоого мүмкүндүк берет: шайлоо участкаларынынын ачылышы, добуш берүү, шайлоо участкаларынын жабылышы жана добуштарды калыс жана үзүгүлтүксүз түрдө эсептөө.

Ошону менен бирге шайлоо процесстерине байкоо жүргүзүүсүз шайлоочулардын келишине жана шайлоолордун жыйынтыктарына анализ жүргүзүү жана чогултуу, шайлоочулардын келиши жана шайлоолордун жыйынтыктары тууралуу так маалымат бербейт анткени алар туура эмес же адекваттуу чогултулбаган маалыматка таянышы мүмкүн.

 

Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясынын максаты шайлоо алдындагы процесске, добуш берген күнгө жана жыйынтык чыгарууга сапаттуу, объективдүү жана көз карандысыз мониторинг уюштуруу аркылуу шайлоолорду өткөрүүнүн айкындуулук жана ак ниеттүүлүк процессине көмөктөшүү.

 

Максат шайлоо алдындагы процесске, добуш берүүчү күнгө жана шайлоодон кийинки процессине байкоо жүргүзүү, шайлоочуга анын укуктары жана милдеттери туралуу маалымат берүү, шайлоо процессинин бардык катышуучуларына сурамжылоо жүргүзүү жана алар менен өз ара аракеттенишүү аркылуу ишке ашырылат.

 

«Демократия жана жарандык коом үчүн Коалиция» – көз карандысыз, бейтараптуу, коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюм.

Коалициянын мисссиясы —Кыргыз Республикасында жарандык коом куруу, мыйзамдын үстөмдүгүн чыңдоо жана адам укуктарын коргоо.

 

 

 

© Coalition.kg 2019