Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештерине кезектеги жана мөөнөтүнөн мурдагы өткөрүлгөн шайлоолорго мониторинг жүргүздү

ЖаңылыктарComments Off on Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештерине кезектеги жана мөөнөтүнөн мурдагы өткөрүлгөн шайлоолорго мониторинг жүргүздү

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештерине кезектеги жана мөөнөтүнөн мурдагы шайлоолорго даярдыктарга жана өткөрүүлөргө байкоо жүргүздү.

Шайлоолор Жалал-Абад обласунун Таш-Көмүр шаарында жана Чүй областынын Жайыл районунун Кара-Балта шаарында, ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Нарын, Чүй жана Ысык-Көл областтарынын тогуз айылдык кеңештеринде өттү.

Айылдык кеңештерге шайлоолорго даярдык процессине байкоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн талапкерлердин көбүнчөсү өздөрүнүн талапкерлигин көрсөткөндөр болушкандыгы белгиленген. Алардын жалпы саны 453 адамды түзгөн, алардын ичинен 8%ы гана аялдар.

Шаардык кеңештерге шайлоолорго даярдыкка жүргүзүлгөн мониторинг Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаардык кеңешинде 7 саясий партия катталгандыгын көрсөттү, алардын ичинде «СДПК», «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Журт», «Улуу-Көч», «Таш-Көмүр жаштары», «Бүтүн Кыргызстан». Талапкерлердин жалпы саны 373 адамды түздү. Алардын ичинен болгону 5%ын аялдар түзөт.

Чүй областынын Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинде  «Элдик-Народная», «Эламан», «СДПК», «Жакшылык-Добро», «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Республика», «Содружество народов КР» сыяктуу 8 партия катталган, талапкерлердин жалпы саны 424 адамды түздү. Алардын ичинен 45%ы – бул аялдар. Башка аймактарга салыштыра келгенде бул эң жогорку көрсөткүч.

Үгүт иш чаралары өткөргөн жерине жараша айрымаланып турду. Айылдарда талапкерлер түз байланыш жана ишендирүү ыкмаларын кодонушкан, ал эми шаарларда талапкерлер шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшкөн ошондой эле баракчаларды таратышкан жана жергиликтүү радиодон чыгышкан.

2018-жылдын 28-январында Коалициянын аймактык өкүлдөрүнүн жана тартылган байкоочулардын күчү менен Ош областынын 10 УШКсында, Жалал-Абадта областынын 12 УШКсында, Нарын областында 1 УШКсында,  Чүй областынын 23 УШКсында жана Ысык-Көл областынын 3 УШКсында добуш берүү процессине түздөн-түз көз карандысыз байкоо жүргүзүү өткөрүлдү.

Эртең мененки саат 10до берилген байкоочулардын маалыматтары боюнча, байкоо жүргүзүлгөн УШКлардын 12%да (6УШК) участкалык комиссиялардын отуруму бир аз кечигип башталган, бирок буга карабастан добуш берүү процессинин өзү өз учурунда 8:00дө башталган. Жалпысынан ачылыш процедуралары олуттуу тартип бузууларсыз өткөн.

Добуш берүү күнүнө байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча байкоо жүргүзүлгөн 49 УШКнын ичинен 36,73%да (18 УШК) 1ден 5ке чейинки байкоочулар өздөрүн тизмеден таба алышкан эмес, 8,16%да (4УШК) 6дан 10 шайлоочулар жана 2% (1УШК) участкаларда 10дон ашык шайлоочулар өздөрүн тизмеден таба алышкан эмес.

Төмөндө графиги берилген.

1

2 участкада 1ден 5ке чейинки шайлоочулар жабдуунун техникалык жактан бузулуу себептери боюнча добуш бере алышкан эмес. Биздин байкоочулардын маалыматтары боюнча ошондой эле эки участканын аймагында добуш берген күнү УШКда болууга укугу жок болгон адамдардын жүргөн учурлары байкалган. Байкоочулардын пикиринде, бул  талапкерлер жана алардын өкүлдөрү болушту. Аларга эскертүү берилгенден кийин алар УШКлардын аймагынан кетишкен. Жалпысынан алганда бир күн ичинде добуш берүүнүн жыйынтыктарына таасир этиши мүмкүн болгон тартип бузуулар катталган эмес.

Алдын ала маалыматтар боюнча бардык участкалар өз учурунда саат 20.00дө жабылган. Көпчүлүк байкоо жүргүзүлүп жаткан участкаларда жабуу жана эсептөө процедуралары сакталган, бирок биздин аймактык өкүлдөрүбүз жана волонтерлор ар кайсы процедуралардын бузулган саналуу учурлары тууралуу кабарлашкан. 2 участкада (УШК 5353 Ош областы, УШК 7351 – Чүй областы) саат 20.00дө УШКанын ичинде болгон шайлоочуларга добуш берүү мүмкүнчүлүгү берилген эмес. Ысык-Көл областынын 3207-участкасында бир эле учурда бир канча эсептөө процедурасы бузулган: кол менен эсептөө жүргүзүлгөн эмес, колдонулбаган бюллетендер эсептелип жана жабылган эмес, ошондой эле тизме менен иштөө жүргүзүлгөн эмес. 16%да (8 УШК) биздин байкоочуларга шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны тууралуу актылардын көчүрмөлөрүн берилген эмес. Ошондой эле Ош областындагы 5203-участкада участкалык комиссиянын мүчөлөрү кол менен эсептөөнүн жыйынтыктары боюнча протоколдун көчүрмөсүн беришкен эмес.

  Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын максаты – шайлоолорду өткөрүүнүн айкындуулук жана адилеттүүлүк процессине добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруучу күнү  сапаттуу, объективдүү жана көз карандысыз мониторинг уюштуруу аркылуу көмөктөшүү.

  Максат шайлоо алдындагы процесске, добуш берүү күнүнө жана шайлоодон кийинки процесске байкоо жүргүзүү, шайлоочуларга анын укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат берүү, шайлоо процессинин бардык катышуучулары менен өз ара аракеттенишүү жана сурамжылоо аркылуу ишке ашырылат.

  Бардык суроолор боюнча долбоордун координатору Жамила Жаркынбаевага + 996 555 913 503 телефону аркылуу кайрылууга жана төмөндөгү дарек боюнча j.jarkynbaeva@coalition.kg, office@coalition.kg почтага кабар жөнөтүүгө же «Коалицияга» + 996 554 900 325 номери аркылуу расмий телефонуна чалууга болот.

  Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы коомдук уюму – көз карандысыз, нейтралдуу, коммерцялык эмес жана бейөкмөт уюм.

  Коалициянын миссиясы – Кыргыз Республикасында жарандык коом куруу, мыйзамдын үстөмдүгүн чыңдоо жана адам укуктарын коргоо.

© Coalition.kg 2019