RUS

Кыргызстандын жарандарынын шайлоо мезгилиндеги шайлоо процесси тууралуу пикирлери

ОтчетторОтчеты за 2018 г.Comments Off on Кыргызстандын жарандарынын шайлоо мезгилиндеги шайлоо процесси тууралуу пикирлери

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция үчүн” коомдук уюму 2018-жылдын 19-февралдан 25-февралга чейин жалпы улуттук телефон аркылуу социологиялык сурамжылоо жүргүздү.

Бул сурамжылоонун максаты –  кыргызстандыктардын шайлоо мезгилиндеги шайлоо процесси тууралуу пикирлерин изилдөө.

Бул социологиялык сурамжылоо өлкөнүн жарандарынын шайлоо мезгилиндеги шайлоо процесси тууралуу пикирлерин изилдөөгө багытталган.

  • 46,5% респонденттин пикиринде Кыргызстанда шайлоо мезгилинде мыйзамсыз ыкмалардын ичинен көп учурда добуштарды сатып алуу колдонулат. Ар бир жетинчи адам шайлоо мезгилинде административдик ресурсту (13,1%) пайдаланууну белгилеген. Сурамжылангандардын 4%дан азыраагы мыйзамсыз ыкмалардын ичинен “кара пиарды”; шайлоочуларга карата кысым көрсөтүү жана коркутууларды белгилешти. Сурамжылангандардын 31,8%ы өлкөдө шайлоо мезгилинде кандайдыр бир мыйзамсыз ыкмаларын колдонулбайт деп эсептешет.
  • Сурамжылангандардын 60%ы эгерде алар мыйзамсыз үгүттөө фактылары же шайлоо мыйзамын бузуулар тууралуу билишсе алар бул тууралуу тиешелүү органдарга кабарлай тургандыгын белгилешкен. Бирок ар бир үчүнчү адам муну кылбай тургандыгын моюндарына алышты (32,4%).
  • Шайлоо мыйзамын бузуу фактылары тууралуу кабарлоого даяр болгондордун ичинен сурамжыланган респонденттердин 63%ы шайлоо комиссияларына кайрылышат.21,2%ы укук коргоо органдарына кайрылышат, ал эми 10,4%ы бул тууралуу ЖМКга айтып беришет.4,3% респондент  мындай фактыларды кандайдыр бир органга кабарлабай тургандыктарын белгилешти.
View Fullscreen

© Coalition.kg 2019