Жолдордогу кырдаал кыргызстандыктардын көзү менен

Отчеты за 2018 г.Comments Off on Жолдордогу кырдаал кыргызстандыктардын көзү менен

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коомдук уюму 21-майдан баштап 29-майга чейин жалпы улуттук телефон аркылуу социологиялык сурамжылоо жүргүздү.

Бул сурамжылоонун максаты – Кыргызстандын жарандарынын Кыргыз Республикасынын жолдорундагы кырдаал тууралуу пикирлерин билүү.

Бул социологиялык сурамжылоо Кыргызстандын калкынын өлкөнүн жолдорундагы коопсуздук деңгээли жана кырдаалдар жөнүндө пикирин талдоо максатында жасалды.

  • Коомдук транспорт сурамжыланган кыргызстандыктардын көпчүлүгү (61%) үчүн шаарлардагы орун которуштуруунун негизги каражаты болуп саналат. Жеке автоунаа калктын 34,3%ы үчүн күнүмдүк жашоодо бир орундан экинчи орунга баруу үчүн артыкчылыкка ээ. 3,5%ы гана күнүмдүк жашоодо жөө басышат.
  • Коомдук транспорт эркек жынысындагы респонденттерден (орто эсеп менен 39,2%) айырмаланып, бардык курактагы аял жынысындагы респонденттердин арасында көп суроо-талапка ээ (орто эсеп менен 81,4%).
  • Сурамжылангандардын 44,4%ынын айдоочулук күбөлүгү бар. Алардын арасында айдоочулук күбөлүгү бар эркектерден үлүшү аялдардын үлүлүшүнө (73,9% каршы 16,8%) караганда басымдуулук кылат.
View Fullscreen

© Coalition.kg 2019