Үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйү

ЖаңылыктарОтчетторОтчеты за 2018 г.Comments Off on Үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйү

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коомдук уюму 10-июлдан баштап 17-июлга чейин телефон аркылуу жалпы улуттук социологиялык сурамжылоо жүргүздү.

Бул сурамжылоонун максаты – Кыргызстандын жарандарынын үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйү тууралуу пикирлерин билүү.

Бул социологиялык сурамжылоо Кыргызстандын калкынын үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйү, анын себептери, жайылган түрлөрү жана ал көп учурда кимдирге карата жасала тургандыгы жөнүндөгү пикирлерин изилдөө максатында жүргүзүлдү.

  • Басымдуу көпчүлүгү (96,3%) биздин өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук деп аталган үй-бүлөдөгү таш боор мамиле жасоо көйгөйү бар экендигин белгилешти.
  • Үй-бүлөдөгү зомбулуктун негизги үч себебине, кыргызстандыктардын пикиринде: биринчи – “социалдык жактан жөнгө салынбагандык: жумушсуздук жана материалдык көйгөйлөр”; экинчиси – “аракечтик жана баңгичилик”; жана үчүнчүсү – “калктын билими жана маданиятынын төмөн болушу” кирди.
  • Сурамжыланган калктын 62,6%нын пикиринде физикалык зомбулук (уруп-сабоо, күч колдонуу менен мазактоо ж.б.) үй-бүлөлүк зомбулуктун көбүрөөк кездешкен түрү болуп саналат. Экинчи орунда моралдык, психологиялык зомбулук (коркутуулар, мазактоолор, тыюу салуулар ж.б.) турат, ал 20,1%ды түзөт. Үчүнчү орунда экономикалык зомбулук (акча каражаттары менен башкаруу, үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн экинчисинен финансылык жактан көз каранды болушу, акчаларды тартып алуу, акча колдонууга тыюу салуу ж.б.) – 9,2% менен белгиленди. Сексуалдык зомбулук (зордуктоо, сексуалдык асылуу ж.б.) кыргызстандыктардын пикиринде үй-бүлөлүк зомбулуктун азыраак таркалган түрү болуп чыкты жана болгону 1,5%ды түзөт.
View Fullscreen

© Coalition.kg 2019