Кыргызстан жарандарынын суроо талаптарына Жогорку Кеңештин жеткиликтүүлүгуү жөнүндө пикири

ЖаңылыктарОтчетторОтчеты за 2018 г.Comments Off on Кыргызстан жарандарынын суроо талаптарына Жогорку Кеңештин жеткиликтүүлүгуү жөнүндө пикири

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» коомдук бирикмеси өз ишмердүүлүгүнүн чегинде Парламенттин ишине байкоо жүргүзөт. Ошондой эле, жайдын соңунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусу менен өлкөнүн аймактарында тегерек столдорду өткөрдүк. Мына ушуга байланыштуу Жогорку Кеңеш канчалык денгээлде жарандарга жана алардын суроо-талаптарына жеткиликтүү экендиги бизге кызык болду. Ошентип, 2018-жылдын 23-октябрынан тартып 5-ноябрга чейин жалпы улуттук телефондук социалогиялык сурамжылоо жүргүздүк.
Сурамжылоонун максаты Жогорку Кеңештин канчалык деңгээлде суроо талаптарга жеткиликтүүлүгү боюнча Кыргызстан жарандарынын пикирин, ошондой эле, кыргызстандыктардын парламентке кайрылуу жол – жоболору боюнча маалымдалгандыгын иликтөө болчу.
Бул сурамжылоо Парламенттин ишине ар тараптуу баа берип башка мамлекеттик органдар менен жергиликтүү калктын ортосундагы ишеним деңгээлин салыштыруу үчүн жүргүзүлгөн жок. Сурамжылоо Парламенттин жарандардын суроо талаптарынын үстундө иштөөсүндөгү ачык жана жеткиликтүүлүгү жана алардан Жогорку Кеңешке кайрылуусундагы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдалганын билүү аспектисинде гана карайт.

View Fullscreen

© Coalition.kg 2019