Мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн сапаты

Отчеты за 2019 г.Comments Off on Мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн сапаты

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” коомдук бирикмеси өзүнүн
ишмердүүлүгүнүн чегинде өлкөдөгү билим берүүнүн сапаты жөнүндө Кыргызстандын
жарандарынын ой-пикирин билүү үчүн сурамжылоону жүргүздү. Жалпы улуттук
телефон аркылуу социологиялык сурамжылоо 2019-жылдын 13-майынан 27-майга
чейин өттү.

Бул сурамжылоонун максаты мектепке чейинки мекемелердеги жана мектептеги билим
берүүнүн сапаты менен канааттануусун, окуу мекемелерине барбаган учурда – анын
себептерин, өлкөдөгү билим берүү сапатын жогорулатууда кандай тоскоолдуктар
турганын, билим берүүнүн сапатына коомдук жактан контролдук талап кылынаарын,
ошондой эле кайсы өлкөлөрдүн стандарт сапаттары калк тарабынан Кыргыз
Республикасында адаптацияланышы үчүн кабыл алынаарын изилдөө болуп саналат.

  • Калктын 62,9 % алардын өздөрүнүн же туугандарынын/досторунун мектепке
    чейинки курактагы балдары бар экенин белгиледи.
  • Мектепке чейинки курактагы балдары бар респонденттердин ичинен 68,1 %
    балдары мамлекеттик бала бакчаларга бараарын белгилешти. Жеке бала
    бакчаларга респонденттердин 13,8 % барат. Айыл тургундары балдарын көбүнесе
    мамлекеттик бала бакчаларга беришет, ал эми балдарын жеке бала бакчаларга
    көбүнчө шаар тургундары беришет.
  • Сурамжылоого катышкандардын 15,1% балдары мектепке чейинки мекемелерге
    барбай тургандыгын айтышты. Бирок айыл тургундарынын ичинен мындай
    балдар шаар тургундарына караганда көбүрөөк (18,5% жана 11,7% тиешелүү).
  • Респонденттер кээ бир балдардын эмне үчүн мектепке чейинки билим берүү
    мекемелерине барбай тургандыгынын төмөнкү үч негизги себептерин
    белгилешти: үй-бүлөнүн материалдык/финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн
    жетишсиздиги; үйдөн билим алуу; ошондой эле азыркы бала бакчалардагы
    балдардын көптүгү жана орундун жоктугу.
  • Жалпысынан алганда 74,4 % респонденттер мектепке чейинки мекемелердеги
    билим берүүнүн сапатына канааттанасызбы деген суроого “ооба” жана “ооба, жок эмес ” деген жоопторду тандашты. Нааразы болгондордун үлүшү сурамжылоого катышкандардын 11,5 %ын түздү. Айыл тургундарынын арасында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин сапатына канааттанганы шаар тургундарына караганда бир катар көбүрөөк болуп чыкты (81 % жана 68,2 % тиешелүү).

View Fullscreen

© Coalition.kg 2019