Кыргызстандын жарандарынын жашоочулардын өлкөдөн эмиграциясына байланышкан проблемалар тууралуу пикири

Отчеты за 2019 г.Comments Off on Кыргызстандын жарандарынын жашоочулардын өлкөдөн эмиграциясына байланышкан проблемалар тууралуу пикири

«Демократия жана жарандык коом үчүн Коалиция» коомдук бирикмеси өз
ишмердигинин алкактарында Кыргызстандын жарандарынын өлкөдөн жашоочулардын
эмиграциясына байланышкан проблемалар жөнүндө пикирлерин сурамжылоону
жүргүзгөн. Жалпы улуттук телефондук социологиялык сурамжылоо 2019-жылдын 22-
апрелинен тартып 2-майына чейин жүргүзүлгөн.
Аталган сурамжылоонун максаты болуп Кыргызстандын жарандарынын өлкөнү таштап
кетүүсүнө шарт түзүп жаткан себептерди жана проблемаларды изилдөө эсептелген.
Эмиграция алардын бакубаттыгына кандай таасир кылган, кайсы өлкөлөр эмиграция
үчүн эң жагымдуу болууда, ошондой эле алар Кыргызстанга кайсы себептерден улам
кайра кайтып келип жатышат.

Өлкөдөгү жашоо шарттарына канааттануу кыйыр түрдө калктын жашоосунун
сапатын жана жүрүм-турум стратегиясын чагылдырат. Сурамжылоонун
жыйынтыктары боюнча, калктын жарымы гана өлкөдөгү жашоо шарттары
менен канааттануусун айта тургандыгы аныкталган. Сурамжылангандардын
жалпы санынан 6,1% Кыргызстанды түбөлүккө таштап кетүүнү
пландаштырышууда. 39 жашка чейинки жаш адамдар, ал эми алардын ичинен
аялдар, эркектерге караганда башка өлкөгө өзүнүн көчүп кетүүсүн ишенимдүүрөөк
пландаштырышат. Белгилей кетүү керек, башка өлкөгө көчүп кетүү үчүн негизги
себептердин катарында, респонденттер баарынан көбүрөөк өз өлкөсүндөгү терс
кубулуштар, ушуга жараша, башка өлкөдөгү оң кублуштар тууралуу айтышат.

Башка стимулдаштыруучу фактор катары башка өлкөлөргө биротоло көчүп
кетишкен туугандарынын/тааныштарынын бакубаттыгынын жакшыргандыгы
эсептелет. Бирок, белгилеп кетүү керек, чет мамлекеттерге эмиграцияланышкан
респонденттердин туугандарынын/тааныштарынын бештен бир бөлүгү, өлкөгө ар
түрдүү себептер боюнча кайра кайтып келишкен.

View Fullscreen

© Coalition.kg 2019