Кыргызстанда жеке жактарга насыя берүүнүн өзгөчөлүктөрү

ЖаңылыктарОтчеты за 2019 г.Comments Off on Кыргызстанда жеке жактарга насыя берүүнүн өзгөчөлүктөрү

“Демократия жана жарандык коом үчүн Коалиция” коомдук бирикмеси өзүнүн ишмердүүлүгүнүн алкагында Кыргызстандын жарандарынын арасында өлкөдөгү насыя берүү процессинин өзгөчөлүктөрү боюнча сурамжылоону жүргүздү. Жалпы улуттук телефон аркылуу социологиялык сурамжылоо 2019-жылдын 16-июлунан 25-июлуна чейин өттү.

Насыя берүү бүткүл дүйнө боюнча, анын ичинде Кыргызстанда активдүү өнүгүп жатат. Бүгүнкү күнү банктар кымбат баалуу мүлктү сатып алууда гана эмес, күнүмдүк жашоодогу керектөөлөр үчүн – кыймылсыз мүлктү, автомобилдерди сатып алуу үчүн, билим алуу үчүн, керектелүүчү муктаждыктар үчүн насыя беришет. Каржы эксперттер калктын насыяга батып кеткенин белгилешет.
Чакан насыя компанияларынын саны көбөйүп жатат, алардын негизги ишмердүүлүгү керектөөчү насыяларды берүүгө багытталган.
Ал эмне менен байланышкан, Кыргызстандын жарандарынын ага болгон көз караштары кандай жана мындай абал аларга кандай таасир берип жатат?

View Fullscreen

© Coalition.kg 2019