Кыргызстандагы мамлекеттик жөлөк пулдар

ЖаңылыктарОтчеты за 2019 г.Comments Off on Кыргызстандагы мамлекеттик жөлөк пулдар

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” коомдук бирикмеси мамлекеттик жөлөкпулдарга тиешелүү Кыргызстандын жарандарынын пикирлерин сурамжылоо жүргүздү. Жалпы улуттук телефондук социологиялык сурамжылоо 2019-жылдын 26-июлунан 30-июлуна чейин жүргүзүлдү.

Конституцияга ылайык Кыргызстан социалдык мамлекет болуп эсептелет, башкача айтканда, социалдык саясаты материалдык жактан алганда жарандын татыктуу турмушун жана анын эркин өнүгүшүн камсыздоого, негизсиз социалдык айырмачылыктарды жеңип өтүүгө багытталган.

Социалдык мамлекеттин эң маанилүү максаты социалдык теңдикти камсыз кылуу. Анын негизги куралдарынын бири жарандарга социалдык жана мамлекеттик жөлөкпулдардын башка түрлөрүн төлөп берүү менен аз камсыз болгондорду, майыптарды, улгайган курактагы адамдарды социалдык камсыздоо. Бул инсанды өнүктүрүү үчүн бирдей жана адилет мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо болот.

View Fullscreen

© Coalition.kg 2019