28-март, 2016-ж. Пресс-релиз

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

  28-мартта «Аки-Пресс» маалымат агенттигинде «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын» 2016-жылдын 26-27-мартындагы добуш берүү күнүнө байкоо жүргүзүүсүнүн жыйынтыктары боюнча пресс-конференциясы болуп өттү.

  Уюмдун билдирүүсү боюнча 26-март көчмө добуш берүү  жана 27-марттагы добуш берүү күндөрүндө көз карандысыз байкоочулар айрым бир участкалардагы окуяларды эске албаганда, шайлоо алдындагы кампаниянын жүрүшүндө бекитилген процедураларды өтө одоно бузуу окуялары катталган жок.

  Коалиция 26-марттагы көчмө добуш берүү күнүндө 136 шайлоо кампанияларына байкоо жүргүздү жана өтө көп сандагы арыздардын болбогондугун белгилейт. Алдын ала келип түшкөн арыздарды кабыл алган УШКлардын 20% шайлоочулардын баардыгы добуш бере алышкан эмес. Бул көрүнүш Ош шаарында жогору болгон. Шайлоочуга кысым көрсөтүү жана коркутуу аракеттери Ош шаарынын 3 участкасында, Караколдогу бир участкада, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы бир участкада катталган.

 Коалиция 27-мартта Ош, Каракол, Токмок, Каракол, Балыкчы, Кемин жана Нарын, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым айылдарында 174 участкада өз байкоочуларын койду.

 

 Коалициянын байкоочулары участканын ачылышы боюнча бардык процедураларды, добуш берүүнү жана айрым гана участкаларды эске албаганда добуштарды саноонун жүрүшүнө байкоо жүргүзө алышты.

 Коалиция ушул  убакытка чейинки добуш берүү күнүндөгү айрым көрүнүштөр боюнча көрсөткүчтөрдү сунуштайт.

  БШК добуш берүүнүн жыйынтыктарын расмий түрдө жарыялагандан кийин  Коалиция добуштарды катар саноо жыйынтыктары боюнча башка маалыматтарды жалпылаштырып негизги отчетунда сунуштайт.

 Добуш берүү күнүндө Ош шаарында (12 участка же 16,44%), Балыкчы шаарында  (2 участкада же 12,5%), Токмок (1 участкада же 5%) жана Каракол ( 1 участкада же 4,17%) башка адам үчүн добуш берүү көрүнүштөрү катталды. Бир гана Кемин шаарында мындай көрүнүштөр болгон жок. Ошондой эле, айылдарда дагы ушул сыяктуу эле башка адамга добуш берүү көрүнүштөрү катталган. 

  Муну менен катар эле, парламенттик шайлоодогудай,  жергиликтүү кеӊештин бул шайлоосунда дагы шайлоочуларды идентификациялоочу аппараттар иштебей калган көрүнүштөрү болду, ушундан улам шайлоочулар кезек күтүп калууга мажбур болушту. Ош шаарында мындай көрүнүштөр 46 УШКда жаралды. Алардын ичинен бул  3 участкада 30 мүнөттөн ашык созулду,  мындай абал Каракол шаарында 14  участкада болсо, үчөөндө 20 мүнөттөн ашык созулган. Токмок шаарында 8 участкада, Балыкчыда  - 2 участкада катталган.

 Аппаратуралар бузулуп калган учурда мазмуну менен кошо чыгуучу чектин ордуна  актай чектер чыккан жана бул участкалык комиссиялардын иштерине кошумча түйшүктөрдү алып келген, УШКлар мындай чектерди дароо кабыл алуу керекпи өз убагында чечимдерди кабыл ала алышкан эмес, себеби өзгөрүүлүрдүн жаралышы УШКлар добуш санап жаткан учурда берилген чектердин санын бюллетендердин саны менен салыштырып чыгууга милдеттендирет.

  Добуш берүүнүн купуялуулугу Ош жана Каракол шаарларындагы бир участкадагы анча маанилүү эмес көрүнүштөрдү эске албаганда,  Коалиция байкоо жүргүзгөн бардык участкаларда байкалды.

 Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жөнүндө маалыматтар ММКларда, социалдык түйүндөрдө катталды. Коалициянын байкоочулары Ош шаарынын 7 участкасында добуш сатып алуу аракеттери болгондугун маалымдашты. бирок Коалиция мурдатан бери эле билдирип келгендей, мындай көрүнүштөрдү каттоо мүмкүн эмес, себеби далилдөө кыйын.

  2012-жылдагы Ош шаарындагы мурда болуп өткөн шайлоолорго салыштырганда, бул шайлоо саясий атаандаштыктын күчтүү болгонуна карабастан,  тынч атмосферада өттү.

 Жалпысынан, Коалициянын байкоочулары, добуш берүү процесси өзгөчө карама-каршылыктарсыз жана одоно мыйзам бузууларсыз өткөндүгүн белгилешти.

 Ош шаарынын айрым участкаларында (13,7% же  10 участкада), Токмок (5%  же 1 участкада) , Каракол (12,5%  же 3 участкада)   берилген шайлоо бюллетендеринин саны менен шайлоочуларды идентификациялоочу чектердин саны менен дал келген жок.

 Коалициянын байкоочулары бир гана Ош шаарындагы 5294 жана 5272 участкаларын эске албаганда (бул участкада бардык байкоочуларды имараттан чыгарып койгон жана саноону аларсыз жүргүзүшкөн)  шаарлардын баардыгында  добуштарды саноонун жүрүшү процессине байкоо жүргүзө алышты. Ошондой эле, 5272участкасында УШК богш протоколдорго мөөрлөрдү басышкан жана колго эсептөөдөн баш тартышкан. 5309, 5311, 5297, 5555, 5556, 5272, 5280, 5294 участкаларында Коалициянын байкоочуларына добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдордун көчүрмөлөрүнө мөөр басып күбөлөндүрүүдөн баш тартышкан. Булардын  ар бири боюнча акттар түзүлгөн.

 Коалициянын башчысы Азамат Адилов  «добуш берүүнүн жүрүшүндө бул технологияларды пайдалануу жакшы ыкма экендигин, жана  кайталап добуш берүү, бюллетендерди ашыкча салуу процесстерин жокко чыгарганын» - белгиледи. Бирок, технологиялар, мисалы, добуш сатып алуу, кысым көрсөтүу, үй-бүлөлук  добуш берүү сыяктуу мыйзам бузууларды кыскарта алган жок. Коалиция саясий партиялар жана талапкерлер добуш сатып алуу тажрыйбасын улантып жаткандыктарын өкүнүч менен билдирет. Көп шайлоочулар акчалай сыйлык үчүн өз добушун бергенге даяр болсо,  партиялар ал мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаганга даяр, бирок бул көрсөткүч жарандардын бийликке болгон ишенимин төмөндөтүүдө. Добуштарды сатып алууну токтотуу үчүн партиялардын өздөрүнүн,  саясатчылардын саясий эрки керек жана партияны өстүрүүнүн укуктук ыкмаларын пайдалануулары зарыл.

  Коалиция ар бир участкадан протоколдорду чогултту, ошондой эле жыйынтыктар менен көзөмөлдөөчү дал келүүчүлүктү   БШК менен ТШКнын   көрсөткүчтөрү менен салыштырууну улантууда.

  Кыргыз жана орус тилдериндеги толук отчетту www.coalition.kg  интернет дареги боюнча таба аласыздар.

  Кошумча маалымат алуу үчүн Сиз Азамат Адилов менен  0555 853835 телефондору аркылуу жана узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүү боюнча координатору Тимур Арыков менен: 0770 341 720 телефондору аркылуу байланышсаӊыздар болот .