2016-жылдын 26 жана 27-мартындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого узак жана кыска мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча алдын ала билдируу (отчет)

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

  2016-ж. 26-март жана 27-март күндөрүнө дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча кампаниянын алкактарында Коалиция шайлоо процессинин бардык баскычтарына мониторинг өткөрүүнү жүргүзөт. Бул кампанияга Коалициянын башкы жана аймактык кеңселеринин жетекчилеринен жана кызматкерлеринен тышкары 3 юрист, 1 эксперт, ошондой эле 11 узак мөөнөттүү жана УШКларга бөлүштүрүлүшкөн 348 окутулушкан көз карандысыз байкоочулар тартылышкан. Добуш берүү күнү, 174 УШКларга бөлүштүрүлүшкөн кыска мөөнөттүү байкоочулар менен катар атайын окутулушкан, участокторго чыгышкан, шайлоо участокторунан келип түшкөн сигналдарга реакция кылып, ошондой эле аймактык-шайлоо комиссияларынын ишине байкоо жүргүзүшкөн «мобилдүү топтор» иш алып барышкан. Ошондой эле добуш берүү күнү анын жардамы менен 15 оператор кыска мөөнөттүү байкоочулардын отчетторун кабыл алышкан колл-борбор иштеп турган.

  Төмөнкү кеңештерге шайлоолорго байкоо жүргүзүү уюштурулган:

Баткен областынын Лейлек районунун Бешкент, Маргун айыл кеңештери;

Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Атай айылдык кенештери, Аксы районунун Авлетим айыл кеңеши;

Нарын областынын Ак-Талаа районунун Баетов, Терек, Жерге-Тал айылдык кеңештери, Жумгал районунун Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештери;

Чүй областынын Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңеши, Кемин районунун Кемин шаардык кеңеши, Токмок шаардык кеңеши;

Ысык-Көл областынын Каракол, Балыкчы шаардык кеңештери;

Ош шаардык кеңеши. 

  Кыска мөөнөттүү байкоонун методологиясы

  Коалиция шайлоо процессине байкоо жүргүзгөн жана 5 шаарда Ош, Балыкчы, Каракол, Токмок жана Кеминдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоолордогу добуштарды параллель эсептөөнү жүргүзгөн. Методологияга ылайык, Коалиция ушул шаарлардагы бардык 139 шайлоо участокторун камтыган. Шаарлардан башка, Коалиция ошондой эле айылдык кеңештердеги 35 шайлоо участокторунда, бирок бардык участокторду толук камтыбастан кыска мөөнөттүү байкоо жүргүзгөн. Добуш берүү күнү ичинде Коалиция бардык 174 участоктордон структуралаштырылган жана системалаштырылган маалыматты ыкчам жыйнап турган. Көчмө добуш берүү күнү, Коалиция 272 кыска мөөнөттү байкоочуну 174 шайлоо участокторунун ичинен 136 участокко жөнөткөн, анткени айрым участоктордо көчмө добуш берүү жүргүзүлгөн эмес. Добуш берүү күнү 174 шайлоо участкаларында 348 кыска мөөнөттүү байкоочулар иш алып барышкан. Кыска мөөнөттүү байкоочулар добуш берүү күнүнүн бардык процесстерине байкоо жүргүзүшкөн, анын ичинде шайлоо участогун ачуу, добуш берүү жана шайлоо участокторун жаап, добуштарды саноо.

  Узак мөөнөттүү байкоонун методологиясы

  Коалиция айрым шаарларда жана айылдарда 11 байкоочунун күчү менен узак мөөнөттүү байкоолорду 2016-жылдын 8-февралынан тартып жүргүзгөн (ошондой эле бир байкоочу Борбордук Шайлоо Комиссиясынын ишмердигине байкоо жүргүзгөн).

  Узак мөөнөттүү байкоочулар сынак боюнча тандалып алынышып, шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча атайын окутуудан өтүшкөн, ошондой эле шайлоо процессин билүүсүнө карата тест тапшырышкан. Байкоочулар Коалиция тарабынан иштелип чыгарылган атайын формалар жана шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча колдонмо менен жабдылышкан.

  Аталган отчет үчүн маалымат тике байкоо жүргүзүү, жер-жерлерде алынган интервью, шайлоолорду даярдоо жана уюштуруу процессине тиешелүү болгон биринчилик маалыматты топтоо жана экинчилик маалыматты талдоо методдору менен жыйналган.