Пресс-релиз, 2016-жыл 25-ноябрь

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 

  «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы 2016-жылдын 11-декабрына пландаштырылып жаткан жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана референдумду өткөрүүгө көз карандысыз байкоо жүргүзүү боюнча өнөктөштүгүн өткөрөрүн маалымдайт. Коалициянын байкоо жүргүзүүсүнүн негизги максаты жергиликтүү шайлоолорду, референдум процесстерин өткөрүүнүн, жана шайлоо өнөктөштүгүн жүзөгө ашыруунун ачык-айкындыгын жарандарга кепилдеп берүүдө жатат.Коалиция жүргүзүп жаткан байкоонун негизги максаты: жергиликтүү кенештин депутаттарын шайлоо жана референдумдун ачык-айкындуулугун жогорулатуу, шайлоочулардын маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу, баардык катышуучуларга бирдей катышуусун жана шайлоо органдардын Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайыктыгын жакшыртуу.

  Коалиция шайлоо процессинин баардык этаптарына байкоо салат, алардын арасында окутуу жана көбүнесе шайлоо өткөрүлүп жаткан күнү байкоочуларды 1222 жолу кыска мөөнөткө жиберүү орун алат. Референдумдун өткөрүлүшүнө байкоо салуу бүгүнкү күндө эң алдыңкы болуп саналган мониторинг жүргүзүү методикасына ылайык ишке ашырылат: статистикага негизделген байкоо  жүргүзүү, ал үчүн жыйынтыктарды статистикалык өкүлчүлүк түрүндө камтуу максатында, каалагандай негизде тандалып алынган 500 шайлоо участкасына  1000ге жакын кыска мөөнөттүк байкоочу жиберилет. Кыска мөөнөттүк байкоочулар 11-декабрда Бишкек, Жалал-Абад жана Нарын шаарларындагы жергиликтүү кеңештерди шайлоо өткөрүлүүчү бардык шайлоо участкаларын камтуу менен Добуштарды параллелдүү эсептөө методикасына ылайык дагы жайгаштырылат. бул методика жергиликтүү кеңештерди шайлоону өткөрүү жөнүндө дагы, ошондой эле референдумдун жыйынтыктары тууралуу дагы толук жана так сүрөттөлүштү бере алат.

  Шайлоо өткөрүү күнүндөгү процесстин жүрүшүнө байкоо салуудан тышкары, Коалиция башында эле шайлоо өнөктөштүгүн өткөрүүнүн жүрүшүнө, ошондой эле жергиликтүү кеңештерди шайлоого даярдыктын жүрүшүнө байкоо салуу үчүн 20 узак мөөнөттүк байкоочуларды жиберген. Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду өткөрүү жарыяланары менен Коалиция өлкөнүн бүткүл аймагы боюнча шайлоо өнөктөштүгүн жана референдумду өткөрүү менен байланышкан саясий кырдаалды байкоого алуу үчүн 31 узак мөөнөттүк байкоочуну (жалпысынан жер-жерлерде 51 узак мөөнөттүк байкоочулар таратылган) кошумча жиберет.

  Коалициянын долбоору ошондой эле өзүнүн коомчулукка жана добуш берүүчүлөргө багытталган окутуу элементи менен бөлүнүп турат, шайлоо жана референдум өткөрүү жол жоболору, ошондой эле добуштарды сатып алуу сыяктуу эреже бузуулар тууралуу шайлоочуларга маалымат берүүгө арналган эки видеону иштеп чыгуу жана чыгаруу сунушталган. Мындан тышкары, шайлоо мыйзамдары жана референдумду өткөрүү жөнүндө мыйзамдар тууралуу 4000дей буклет (1000 - орус тилинде жана 3000 - кыргыз тилинде), 222 000 плакат, жана 200 эскертме Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жана шайлоочуларга маалымат берүүгө мүмкүндүк берет.

  Аягында, Коалиция 17-22-октябрь аралыгында Кыргыз Республикасынын калкынын алдында турган референдумга жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого болгон мамилесин баалоо үчүн жалпы улуттук шайлоо алдындагы телефон аркылуу социологиялык сурамжылоо жүргүздү. Сурамжылоо CATI (Computer Assisted Telephone Interviewing) телефон аркылуу сурамжылоонун адистештирилген компьютердик системасы аркылуу жүргүзүлдү. Изилдөөгө алынган калк өзүн өлкөнүн 9 регионунда (Бишкек шаары, Ош шаары, Чүй областы, Ысык-Көл областы, Талас областы, Нарын областы, Жалал-Абад областы, Ош жана Баткен областтары) туруктуу жашаган, 18 жаштагы жана андан улуу курактагы Кыргызстандын шаар жана айыл жергесиндеги калкы катары тааныштырган. Коалиция жарандардын шайлоонун жана референдумдун өткөрүлүшүнө жана анын жыйынтыктарына ишенүү жана канааттануу деңгээлин баалоо максатында, добуш берүү күнүнөн кийин телефон аркылуу кошумча социологиялык сурамжылоо жүргүзүүнү пландаштырууда.

  Долбоор тууралуу маалымат Коалициянын www.coalition.kg.   веб-сайтына жайгаштырылат. Толук маалымат алуу үчүн Сиз Коалициянын президенти Азамат Адилов, шайлоо өткөрүү маселеси боюнча координатору Минара Аширбаева жана Айчүрөк Курманбекова, же юрист Сейит Бобушев менен 0312 900 324 жана 0554 900 324 телефондору аркылуу байланыша аласыз.

  Мониторинг жүргүзүү процесси АКШ Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (ЮСАИД), Европадагы Коопсуздук боюнча Кызматташтык Уюмунун (ОБСЕ) жана Финляндиянын Өкмөтүнүн финансылык колдоосу алдында жүргүзүлөт.


«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы көз карандысыз, саясий эмес жана бейтарап, Кыргыз Республикасындагы демократиянын жана жарандык коомдун өнүгүүсүнө предметтик-багытталган уюм болуп саналат. Коалиция 1999-жылдан тартып шайлоолорго көз карандысыз байкоо жүргүзүп келет, жана Европа өлкөлөрүнүн мисалында жергиликтүү көз карандысыз байкоолорду жүргүзө баштаган биринчи уюм болуп саналат. Коалиция Кыргызстанда дагы, чет өлкөлөрдө дагы шайлоо процессиндеги алдыңкы уюмдардын биринен болуп кала берүүдө.