Пресс-релиз 23.05.17г.

Рейтинг:   / 0
ПлохоОтлично 
  2017-жылдын 24-майында «24.kg» МА саат 11.00до КР Жогорку Кеңешинин кароосуна коюлган КР шайлоо мыйзамдарына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулоого арналган маалымат жыйыны өтөт.   2017-жылдын 17-майында КР ЖК профилдик комитети «КР Президентин жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөрдүн жыйынын экинчи окууда кабыл алган.   
  Маалымат жыйындын негизги максаты 2017-жылы Президенттик шайлоону таза жана адилеттүү өткөрүүгө коркунуч жаратуучу айрым өзгөртүүлөрдү коомчулукка жеткирүү. Мында сөз эл жана жарандык коомдун шайлоого карата ишенимин жоготуучу өзгөртүүлөр тууралуу жүрүп жатат. 
  Өлкө тарыхында жарандык коом щайлоонун таза өтүшүнө жана объективдүү бааланышына көмөкчү болуп келет. Ошентсе да, мыйзам тарабынан коммерциялык эмес уюмдардын байкоочуларынын укуктарына чектөө киргизилип жатат. Бул албетте, алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун төмөндөтүүгө алып келет. Тагыраак айтканда коммерциялык эмес уюмдардын байкоочулары шайлоо комиссияларынын чечимдерине, иш-аракеттерине карата доо-арыздары менен ыйгарым укуктуу органдарга кайрылуу укугунан ажыратылууда. Муну менен шайлоодо көз карандысыз байкоо жүргүзүү маанисин жоготуп жатат. Коммерциялык эмес уюмдар шайлоо комиссияларында аккредитация процедураларынан өтүүгө милдеттендирилип, дагы кошумча буга окшогон бир нече административдик тоскоолдуктар киргизилүүдө.   Мындан тышкары коммерциялык эмес уюмдардын байкоочуларынын саны шайлоо участкасында бирден ашпашы керек деген да талап коюлууда. Мындай чектөөлөр толук кандуу иш жүргүзүүнү кыйындатат. 
  Ошондой эле, шайлоо мыйзамдарына добуш берүү учурунда интернет ресурстарынын ишмердүүлүгүн тескөөчү жоболор киргизилүүдө. Бул өзгөртүүлөр азыркы мыйзамдарга каршы келет жана бул нормаларды аткаруу факт түрүндө мүмкүн болбойт. 
  Мамлекеттик органдар алдыда таза жана адилеттүү шайлоо өткөрүүгө кызыкдар болуулары кажет. Шайлоо жыйынтыгы электорат жана Президенттикке талапкерлер арасында шек жаратпоого тийиш. 
  Буга байланыштуу, маалымат жыйынынын уюштуруучулары КР ЖК депутаттарын мыйзам долбоорун кайра иштөөгө жиберип, жарандык коомдун сунуш жана сын-пикирлерин эске алууга чакырат. 
 
Кошумча маалыматтарды алуу үчүн Сиздер «Демократия жана жарандык коомдун Коалициясынын» офисине телефон аркылуу кайрылсаңыздар болот: +996 (312) 900 324