“Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция үчүн” коомдук уюму 2018-жылдын 19-февралдан 25-февралга чейин жалпы улуттук телефон аркылуу социологиялык сурамжылоо жүргүздү.
Бул сурамжылоонун максаты – кыргызстандыктардын шайлоо мезгилиндеги шайлоо процесси тууралуу пикирлерин изилдөө.
Бул социологиялык сурамжылоо өлкөнүн жарандарынын шайлоо мезгилиндеги шайлоо процесси тууралуу пикирлерин изилдөөгө багытталган.
- 46,5% респонденттин пикиринде Кыргызстанда шайлоо мезгилинде мыйзамсыз ыкмалардын ичинен көп учурда добуштарды сатып алуу колдонулат. Ар бир жетинчи адам шайлоо мезгилинде административдик ресурсту (13,1%) пайдаланууну белгилеген. Сурамжылангандардын 4%дан азыраагы мыйзамсыз ыкмалардын ичинен “кара пиарды”; шайлоочуларга карата кысым көрсөтүү жана коркутууларды белгилешти. Сурамжылангандардын 31,8%ы өлкөдө шайлоо мезгилинде кандайдыр бир мыйзамсыз ыкмаларын колдонулбайт деп эсептешет.
- Сурамжылангандардын 60%ы эгерде алар мыйзамсыз үгүттөө фактылары же шайлоо мыйзамын бузуулар тууралуу билишсе алар бул тууралуу тиешелүү органдарга кабарлай тургандыгын белгилешкен. Бирок ар бир үчүнчү адам муну кылбай тургандыгын моюндарына алышты (32,4%).
- Шайлоо мыйзамын бузуу фактылары тууралуу кабарлоого даяр болгондордун ичинен сурамжыланган респонденттердин 63%ы шайлоо комиссияларына кайрылышат.21,2%ы укук коргоо органдарына кайрылышат, ал эми 10,4%ы бул тууралуу ЖМКга айтып беришет.4,3% респондент мындай фактыларды кандайдыр бир органга кабарлабай тургандыктарын белгилешти.
View Fullscreen