Кыска мѳѳнѳттѳгү байкоочулардын ишке киришин жарыялайт

ЖаңылыктарComments Off on Кыска мѳѳнѳттѳгү байкоочулардын ишке киришин жарыялайт

 ПРЕСС-РЕЛИЗ

 Бишкек ш, 2017 жыл 13 – октябрь

ЖМКларга таркатууга арналат

Снимок 

Тема: «Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы» кыска мѳѳнѳттѳгү байкоочулардын ишке киришин жарыялады.

 

Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы 13-октябрында ѳткѳргѳн брифингде кыска мѳѳнѳттѳгү байкоочулардын ишке кириши жѳнүндѳ жарыялады

 

«Шайлоолор –демократиянын негизги элементтеринин бири жана эң маанилүү процесси болуп саналат. Алар ар бирибизге тийиштүү болот. Ошондуктан, шайлоочу бийлик институтунун куруу кезинде катышкан убакытта, бул учурда мамлекет башчысын өз эрки менен тандоодо, шайлоо жараяны кантип ѳтѳрү өтө маанилүү. Жарандар өзүнүн жигердүү конституциялык укугун колдонуу менен өлкөнүн келечегине салым кошкону, өтө зарыл. Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы 1999-жылдан тарта шайлоолорго бардык даражаларда байкоо жүргүзүп жана шайлоо мыйзамын кѳзѳмѳлдѳп жүрѳт. Шайлоолорго мониторинг жүргүзүү абдан маанилүү, себеби – мыйзамдын үстөмдүгүн чыңдоо жана адам укуктарын коргоо аркылуу биз ѳзүбүздүн миссиябызды иш жүзүнө ашырабыз. Бул контекстте, биз эркин жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү үчүн мыйзамдарды, эрежелерди жана жол-жоболорду сактоого кѳңүл бурабыз. Биздин бакообуз сапаты жана маалыматтардын тактыгы менен айырмаланат.

Биздин байкоочулар кокустук үлгү ыкма  менен тандалып алынган 500 шайлоо бекеттеринде байкоо иштерин жүргүзүшөт. Бул ыкма калыстыкты камсыз кылып, биз байкоо жүргүзүп турган шайлоо комиссияларынын бекеттерине карата субъектизмди жокко чыгарат. Бул ыкма жалпы сүрөттү көрүүгө мүмкүнчүлүгүн берет, анткени ал статистикалык ыкма менен негизделген», – деп, Коалициянын президенти Азамат Адилов айтты.

 

Борбордук Азияда «Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы» биринчи жолу байкоочулардан SMS-отчеттук тажрыйбасын баштады.

 

«Биз жаңы SMS-отчетту кабыл алуу системасынын техникалык жактарын, анын жакшы-жаман жактарын жана жөндөмдүүлүктөрүн сынап жатабыз, ошону менен бирге байкоочулар тренинг учурунда алынган көндүмдөрүн да текшерип жатабыз», – деп, кыска мөөнөттүү байкоо долбоордун координатору Раушан Садырбаева айтты.

 

Шайлоо күнү 15 октябрда «Коалициянын» 1000 байкоочулары 500 шайлоо бекеттеринде, ал эми 14 октябрда – көчмө шайлоо күнү ошол өтө турган бекеттерде байкоо иштерин жүргүзүшөт

 

_____________________________________________________________________________________

 

Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясынын максаты шайлоо алдындагы процесске, добуш берген күнгө жана жыйынтык чыгарууга сапаттуу, объективдүү жана көз карандысыз мониторинг уюштуруу аркылуу шайлоолорду өткөрүүнүн айкындуулук жана ак ниеттүүлүк процессине көмөктөшүү.

 

Максат шайлоо алдындагы процесске, добуш берүүчү күнгө жана шайлоодон кийинки процессине байкоо жүргүзүү, шайлоочуга анын укуктары жана милдеттери туралуу маалымат берүү, шайлоо процессинин бардык катышуучуларына сурамжылоо жүргүзүү жана алар менен өз ара аракеттенишүү аркылуу ишке ашырылат.

 

Бардык суроолор боюнча долбоордун координатору Раушан Садырбаевага + 996 772 170 029 телефону аркылуу кайрылууга жана төмөндөгү дарек боюнча почтага билдирүү жөнөтүүгө болот: r.sadyrbaeva@coalition.kg, office@coalition.kg, же «Коалициянын» расмий телефонуна +996 554 900 325 номери боюнча чалыңыздар.

 

«Демократия жана жарандык коом үчүн Коалиция» – көз карандысыз, бейтараптуу, коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюм.

Коалициянын мисссиясы —Кыргыз Республикасында жарандык коом куруу, мыйзамдын үстөмдүгүн чыңдоо жана адам укуктарын коргоо.

 

© Coalition.kg 2019