Кыргызстандын жарандарынын шайлоочулардын укуктары тууралуу маалымдуулугу

ЖаңылыктарОтчетторОтчеты за 2018 г.Comments Off on Кыргызстандын жарандарынын шайлоочулардын укуктары тууралуу маалымдуулугу

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» коомдук уюму 2018-жылдын 17-январынан 23-январына чейин телефон аркылуу жалпы улуттук социологиялык сурамжылоо жүргүздү.
Бул сурамжылоонун максаты – Кыргызстандын жарандарынын шайлоочулардын укуктары тууралуу маалыматтуулук деңгээлин аныктоо.
Бул социологиялык сурамжылоо Кыргызстандын жарандарынын шайлоочулардын укуктары тууралуу маалыматтуулук деңгээлин аныктоого багытталган.

  • Респонденттердин 70,3%ында өздөрүнүн шайлоо укуктары тууралуу жетишерлик өлчөмдө маалыматтары бар. Жарым-жартылай маалыматтары бар экендиги тууралуу 7,6% респондент билдирген. Сурамжылангандардын ар бир жетинчиси өзүнүн шайлоо укуктары тууралуу маалыматтуу жетишерлик өлчөмдө албай жаткандыгын моюнуна алган. Өзүнүн шайлоо укуктары тууралуу маалыматтын жетишсиздигин көп учурда Бишкек шаарынын, Талас жана Чүй областынын шаарларынын респонденттери белгилешкен.
  • Өзүнүн шайлоо укуктары тууралуу маалыматты жарым-жартылай же жетишерлик эмес алып жаткандардын ичинен респонденттердин үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөгү себептердин арасында БШК жана мамлекеттик органдар тарабынан маалыматтык колдоонун начар экендигин белгилешти. Ар бир бешинчи адам кайсы бир маалыматты издөөнүн кыйындыгын, ошондой эле жеткиликтүү жана ыңгайлуу маалыматтык ресурстардын жетишсиздигин белгиледи.
  • Сурамжыланган адамдардын пикиринде, БШК (25,6%), ЖӨБ (19%) жана Өкмөт (17,6%) жарандарга алардын шайлоо укуктары тууралуу маалымат берүү менен алектенүүсү керек. Ал эми ар бир бешинчи респондент жарандардын өздөрүнөн өздөрүнүн шайлоо укуктары тууралуу өз алдынча суроону сунуштайт (18,5%).
View Fullscreen

© Coalition.kg 2019