Кыргызстандын калкынын саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө болгон мамилеси

ОтчетторОтчеты за 2018 г.Comments Off on Кыргызстандын калкынын саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө болгон мамилеси

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” коомдук уюму 2018-жылдын 25-февралынан 3-мартына чейин телефон аркылуу жалпы улуттук социологиялык сурамжылоо жүргүздү.

Бул сурамжылоонун максаты –  Кыргызстандын калкынын саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө карата мамилесин изилдөө.

Бул социологиялык сурамжылоо Кыргызстандын калкынын саясий партиялардын имешрдүүлүгүнө болгон мамилесин изилдөөгө багытталган болчу:

  • Талапкерлердин жана партиялардын шайлоо фондулары тууралуу маалымат алууга кызыккандардын үлүшү 46,6%ды түздү. Сурамжылангандардын 53,4%ы талапкерлердин жана партиялардын шайлоо фондулары тууралуу маалымат алууга кызыкдар эмес.
  • Талапкерлердин жана партиялардын шайлоо фондулары тууралуу маалымат алууга кызыгуусун билдиргендердин ичинен респонденттердин (27,9%) үч бөлүгү алар кандайча жана эмнеге жумшалгандыгы жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин маалымат алууну каалашат. Шайлоо фондуларын түзүү булактары тууралуу маалымат алууга кызыкдар болгондор болгону 6,7% респондентти түздү. Сурамжылангандардын көчпүлүгү (65,4%) шайлоо фондуларын түзүү булактары тууралуу дагы, ошондой эле алар кандайча жана эмнеге жумшалгандыгы тууралуу маалымат алууну каалашат.
  • Респонденттерди ошондой эле кайрымдуулук ишмердүүлүгү (22%), саясий партиялардын парламентте фракция катары иши (20,3%) жөнүндө маалыматтар кызыктырат. Сурамжыланган калктын 13,6%ы  саясий партиялардын курч социалдык суроолор боюнча пикирине кызыгышат. Саясий партиялардын каражаттары (фонддору), ошондой эле саясий партиялардын мүчөлөрү тууралуу маалымат сурамжыланган ар бир он биринчи адамды кызыктырат. 26,2%ын деги эле саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү болгон кандайдыр бир маалымат кызыктырбайт.
View Fullscreen

© Coalition.kg 2019