“Коопсуз шаар” долбоорун киргизүү менен жолдордогу жагдай өзгөрдүбү?

ЖаңылыктарОтчеты за 2019 г.Comments Off on “Коопсуз шаар” долбоорун киргизүү менен жолдордогу жагдай өзгөрдүбү?

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” коомдук бирикмеси өзүнүн иш-аракеттеринин алкагында “Коопсуз шаар” долбоору киргизилгенден кийин жолдордогу жагдай боюнча Кыргызстандын жарандарынын пикири жөнүндө сурамжылоо жүргүзүлдү. Жалпы улуттук телефондон социологиялык сурамжылоо 2019-жылдын 13-июнунан баштап 26-июнуна чейин жүргүзүлдү.

Бул сурамжылоонун максаты Кыргызстандын калкынын жол кыймылынын ар башка аспекттерине карата пикирлерин изилдөө, ошондой эле “Коопсуз шаар” долбоору киргизилгенден кийин жолдордогу жагдай канчалык өзгөргөнү байкалып жатканын жөнүндө изилдөө жүргүзүлдү. Тактап айтканда, респонденттер  өлкөдөгү жолдордун жана жол каптамынын абалына жана сапатына, жөө жүргүнчүлөрдүн жүрүм-турум маданиятына, айдоочулардын тартибине жана даярдыгынын деңгээлине, ЖКККББ кызматкерлеринин компетенттүүлүгүнө өзүнүн баасын беришти, ошондой эле “Коопсуз шаар” долбоорунун кандай кемчиликтери бар экенине жана зарыл болгон кошумча кандай ЖТК алдын алуу чаралары бар экенин билдиришти.

View Fullscreen

© Coalition.kg 2019