Кыргызстандагы ички миграциянын өзгөчөлүктөрү

ЖаңылыктарОтчеты за 2019 г.Comments Off on Кыргызстандагы ички миграциянын өзгөчөлүктөрү

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” Коомдук бирикмеси өз ишкердигинин алкагында өлкөдөгү ички миграциянын өзгөчөлүктөрү тууралуу Кыргызстан жарандарынын пикирлерин аныктоо максатында сурамжылоо өткөрдү. Жалпы улуттук социологиялык сурамжылоо телефон аркылуу 2019 жылы 2-июлдан 13 июлга чейин өткөрүлдү.

Сурамжылоонун максаты – өлкөдөгү ички миграциянын деңгээлин изилдөө, анын негизги себептери менен багыттарын табуу, мигранттардын көйгөйлөрүнүн тизмесин аныктоо, ички мигранттын социалдык-демографиялык портретин түзүү, ошондой эле ички миграция маселелерине карата отурукташкан калктын ой-пикирин билүү болду. Негизги маселелерден сырткары, ички миграцияны жөнгө салуу жаатында мамлекеттик органдардын иш-аракеттери өлкө жарандарын канчалык деңгээлде канааттандыраары эсептелип, социалдык үмүттөнүү индекси чыгарылды.

View Fullscreen

© Coalition.kg 2019