Жарандардын «КРдагы дин тутунуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” КР Мыйзамына сунушталып жаткан түзөтүүлөргө карата пикирлери

ОтчетторОтчеты за 2018 г.Comments Off on Жарандардын «КРдагы дин тутунуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” КР Мыйзамына сунушталып жаткан түзөтүүлөргө карата пикирлери

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коомдук уюму 2018-жылдын 23-июлунан баштап 17-июлуна чейин телефон аркылуу жалпы улуттук социологиялык сурамжылоо жүргүздү. Бул сурамжылоонун максаты – Кыргызстандын жарандарынын “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамына сунушталып жаткан түзөтүүлөргө карата пикирлерин билүү

Бул социологиялык сурамжылоо Кыргызстандын жарандарынын «Кыргыз Республикасындагы дин тутунуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө карата пикирлерин билүү максатында өткөрүлдү.

  • Сурамжыланган 91,6% респондент өздөрүн ислам динине таандык экендигин белгилешет. Бардыгы болуп 4,9% христиан динин тутунушат. 3%дан азыраак респондент өздөрүн эч бир конфессияга таандык деп эсептешпейт.
  • Тигил же бул динди тутунган респонденттердин ичинен 58,5%ы диний мекемелерге барышат. Алардын ичинен ар бир жетинчиси жумасына бир канча жолу диний мекемелерге барышат, ар бир төртүнчүсү жумасына бир жолу, ал эми ар бин он биринчи адам айына бир канча жолу барат. Диндар адамдардын 41,5%ы кандайдыр бир диний мекемелерге такыр эле барышпайт.
  • Диний мекемелерге баргандардын жалпы үлүшү эркектер арасында – 84,9%, ал эми аялдар арасында – 34,1%ды түздү. Эркек жынысындагы ар бир экинчи респондент диний уюмдарга жумасына бир жолу барат, ал эми ар бир бешинчи адам жумасына бир канча жолу барат. Ошол эле учурда сурамжыланган аялдардын көпчүлүгү такыр эле диний мекемелерге барышпайт.
View Fullscreen

© Coalition.kg 2019